Бүгүн, 12-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бактыяр Калпаев жөлөкпул алуу орчундуу маселеге айланганын айтып, өкмөттөн аны чечүүнү талап кылды.
"Үйүңдө телевизоруң, муздаткычың бар экен, атаң пенсия алат экен" деген шылтоолор менен бербей жатат да. "Атаңдын үйүндө жашайт экенсиң" деп да бербей жатат. Өзүнүн жашаган жери жок болсо, мамлекет жер бөлүп бербесе, анан атасыныкында жашайт да. Аймактарда жөлөкпулдан башка кирешеси жок үй-бүлөлөр бар. "Күйөөң чет жакта иштеп жүрөт" деп кыскартып коюшат экен.
Эми ушу жөлөкпулду алыш үчүн телевизор көрбөй коюш керекпи, же муздаткычты колдонбой коюш керекпи? Маселени замандын талабына ылайыктап, документтерин жеңилдетип тартипке салсак", - деди эл өкүлү.