Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 11-февралдын кечинде Бишкек шаарындагы кардиохирургия илимий-изилдөө институтунда (КИИИ) болгон өрткө байланыштуу кырдаалды өз көзөмөлүнө алды.
Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиргендей, Касымалиев түзүлгөн кырдаалдын себептерин аныктоо жана бардык кызыкдар мамлекеттик органдардын иш-аракеттерин координациялоо максатында ведомстволор аралык комиссия түзүүнү тапшырды.
Мындан тышкары ал КИИИнин ишин тез арада калыбына келтирүү жана бейтаптар менен медициналык кызматкерлердин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бардык зарыл чараларды көрүүнү тапшырды.
Белгилей кетсек, кечээ, 11-февралда Бишкекте жайгашкан Улуттук кардиология жана терапия борборунун имаратында өрт чыккан. Ал түнкү саат 23:15те толук өчүрүлгөн. Кырсыктан эки адам каза тапканы айтылды.