Жалал-Абад облусунун Сузак районунда жөө жүргүнчүнү өлтүрө сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 11-февралда саат 03:50 чамасында милицияга Ак-Баш айылына бара жаткан жолдун жээгинде денесинен жаракат алган белгисиз жарандын жаткандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Жерине барган жол тескөөчүлөр 55-60 жаштар чамасындагы адам каза болгонун аныкташкан.
Маркумду сүзгөн айдоочу окуя болгон жерден качып кеткени такталып, кылмыштын изи суй электе шектүү катары Lexus ES300 үлгүсүндөгү унаанын 23 жаштагы ээси кармалган. Башкармалык ал милиция бөлүмүнө жеткирилгенин кошумчалады.