Мурда бир нече жолу соттолгон жана издөөдө жүргөн 32 жаштагы жаран Нарын облусунун аймагынан кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-февралда Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, ал өткөн жылдын 31-октябрында Токмок шаарындагы кафелердин биринин жанында токтоп турган Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаанын ичинен Samsung Galaxy A05S үлгүсүндөгү телефонду жана чоң суммадагы акчаны уурадаган. Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) менен кылмыш иши козголгон.
Мындан тышкары ал ушул сыяктуу дагы алты факты боюнча шектелип, үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) жана 206-беренеси (Тоноо) менен иштер ачылган. Укук коргоо кызматкерлери шектүүнү Нарын облусунда жашырынып жүргөн жеринен кармап, Токмок шаардык милициясына алып келишкен. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери уланууда.