Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жаздын келиши менен күн жылып, аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу республика боюнча кооптуу табигый процесстердин активдешүүлөрү күтүлөрүн эскертет. Бул туурасында мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Тактап айтканда:
- абанын температурасынын кескин көтөрүлүүсү;
- тоолордогу карлардын ээрүүсү;
- туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу кар көчкүлөрдүн түшүүсү;
- жер көчкү;
- таш кулоо;
- Сел-суу ташкындарынын жүрүүсү күтүлөт.
Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаменти тарабынан жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө, тийиштүү министрликтерге жалпысынан 179 атайы эскертме кат жөнөтүлдү. Мындан тышкары тийиштүү техникалык жабдыктарды даярдоо эскертилди.
Өзгөчө кырдаалдардын пайда болуу коркунучу же болуп жаткандыгы жөнүндөгү ар бир учуру боюнча 112 кызматына чалып маалымат берүүнү өтүнөт.