Бишкекте унааларын таштанды контейнерлеринин жанына таштап кеткен айдоочулардын унаалары айып короого мажбурлап эвакуацияланат. Бул тууралуу калаа мэриясынан кабарлады.

Маалымдалгандай, айдоочулардын жоопкерчиликсиз мамилеси таштандыны өз убагында чыгарып кетүүгө тоскоолдук жаратууда.

"Күндүз унаалардын көптүгүнөн таштандыларды чыгаруу кыйын болгондуктан, "Тазалык" ишканасынын унаалары таштандыларды саат 00:00дөн 06:00гө чейин чыгарышат. Мындан улам Бишкек мэриясы шаар тургундарын саат 19:00дөн 00:00гө чейин таштанды чыгарууга чакырат", - деп айтылат билдирүүдө.