Париждеги Олимп оюндарындагы күмүш байгенин ээси Мээрим Жуманазарова социалдык тармактагы баракчасында сырдуу жигит менен сейилдеп жүргөн видеосун бөлүштү.
Балбан кыз ал жигиттин ким экенин ачыктаган эмес. Ал эми Жуманазарованын күйөрмандары ага бакыт каалап, жылуу сөздөрүн жазышкан.
Беделдүү эл аралык мелдештерде кыргыз туусун желбиреткен, кыз-келиндер арасындагы спорт чебери Мээрим Жуманазарова 1999-жылдын 9-ноябрында Талас облусунда жарык дүйнөгө келген.