"Эмне тырышып жатасыңар?" Депутаттар бир маселени жарым сааттан ашык талашты (видео)

Бүгүн, 13-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Жер кодексинин долбоору үчүнчү окууда каралууда. Ал депутаттардын ортосунда чоң талаш-талкуу жаратты.
Чолпон Султанбекова, Дастан Бекешев баштаган депутаттар мыйзам долбоорунда көптөгөн кемчиликтер бар экенин, 13 депутаттын буга чейин берген сунуштары эске алынбагандыгын айтып, долбоорду кайра экинчи окууга кайтарып, жакшылап иштеп чыгууну сунуштады. Аларды кесиптештери Гуля Кожокулова, Надира Нарматова, Камила Талиева, Сүйүн Өмүрзаков кубаттады.
Президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмасбек Абытов экинчи окууга кайтарбай эле, бүгүнкү күн тартибинен алып турууну сунуштады.
Ал эми депутат Аманкан Кенжебаев, Медер Алиев, Ырысбек Атажанов, Жанар Акаев мыйзамды кабыл алуу учурдун талабы экенин айтышып, бүгүн кабыл алууга үндөштү. Акаев мыйзамда кемчиликтер бар болсо 6 айдан кийин кайра түзөтүү киргизсе болорун кошумчалап, Абытовду "депутаттар колдоп берели деп отурса, эмне артка кетенчиктеп жатасыз?" деп зекиди.
Султанбекова төраганын орун басары Нурланбек Азыгалиевге долбоорду күн тартибинен алып коюу менен маселе чечилбей турганын кайталады.
"Процедуралык жактан алганда туура кетели, кемчиликтерди оңдоп коёлу деп жатабыз да. Эмне эле тырышып жатасыңар, түшүнбөйм? Кош стандарт болуп жатат. 7 күндө эч нерсе болуп кетпейт. Экинчи окууга кайрадан кайтарып бергиле, суранып жатабыз", - деди Султанбекова.
Вице-спикер депутаттарга алар сунушун кагаз жүзүндө берсе гана добушка коёрун айтып, Абытовдун сунушун добушка койду. Анын өтүнүчү колдоо тапкан жок. Каттоодон өткөн 85 депутаттын 40ы макул болсо, алтоо каршы добуш берди. Калганы добуш бербей койду. Жыйынтыгында мыйзам долбоору бүгүн үчүнчү окууда каралмай болду.
Жогорку Кеңеш 13.02.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан