Баткенде тонналаган жүзүм менен лимон өрттөлдү (фото)

Баткенде Евразиялык Бажы Биримдигинин аймагына бажы эрежелерин бузуу менен коштоочу документтери жок мыйзамсыз ташылып келген айыл чарба продукциялары жок кылынды.

Айыл чарба министрлиги билдиргендей, анда 2018,85 килограмм жүзүм, 1494,51 килограмм лимон өрттөлгөн.

Өлкөнүн "Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө" мыйзамы жана Бажы бирлигинин комиссиясынын чечими менен бекитилген Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасында карантиндик фитосанитардык көзөмөлдү жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө жобого ылайык, фитосанитардык сертификаты жок карантиндик жүктү өлкөгө ташып кирүүгө тыюу салынат.

Мыйзамга ылайык, жүк ээси жүктү кайра артка кайтаруу же жүктү жок кылуу вариантынын бирин тандай алат.






РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан