Эртең, 14-февралда Жалал-Абад, Ош, Баткен жана Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында кар жаайт. Калган аймактарда күн бүркөк болуп, жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирди.
Маалыматка ылайык, шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2 ... -7, күндүз +3 ... +8;
Талас жергесинде түнкүсүн -3 ... -8, күндүз +2 ... +7;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0 ... -5, күндүз +2 ... +7;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -6 ... -11, күндүз +2 ... +7;
Нарын дубанында түнкүсүн -12 ... -17, күндүз -3 ... +2,
Бишкекте түнкүсүн -2 ... -4, күндүз +5 ... +7 градус болот.