Кыргызстандын эң кымбат футболчусу Каюмжан Шариповдун трансфердик баасы 300 миң долларды түзөт

Кыргызстандын эң кымбат футболчусу Каюмжан Шариповдун трансфердик баасы 300 миң долларды түзөт. Бул тууралуу бүгүн, 8-январда германиялык абройлуу transfermarkt.de сайты кабарлады.

Маалыматка ылайык, бишкектик “Дордой” футболдук клубунун жана Кыргызстан курама командасынын чабуулчусу Каюмжан Шариповдун трансфердик баасы 300 миң долларды түзүп, ал кыргызстандык футболчулардын алдынкы сабында турат.

Орусиялык “Химик” клубунда ойногон кыргызстандык футболчу Валерий Кичин  200 миң долларга бааланды.

Ал эми “Дордойдун” оюнчуларынан Вадим Харченко 175 миң долларга бааланса, Мирлан Мурзаев, Мака Кум жана Руслан Сыдыковдун трансфердик баалары 50 миң долларды түзөт.

Кошумчалай кетсек, transfermarkt.de трансфердик рынокко ичтен аралашып, дүйнөдөгү бардык мамлекеттердин футболчуларынын баасын аныктайт. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Ermek_sher
2014-01-09 03:41:47
Соонунго:-) !!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан