Кара-Суудагы окуучунун өлүмү: Мугалимдер баш болгон бир нече адам иштен алынды

Кара-Суу районунун Каратай айылындагы №39 Адылбек Султанов атындагы орто мектебиндеги окуучунун өлүмүнөн улам мектептин директору Нурланбек Калмурзаев кызмат ордунан четтетилди. Бул тууралуу райондук акимчиликтин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Айжан Кулановага жана Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын социалдык жактан өнүктүрүү жана камсыздоо секторунун адиси Жеңиш уулу Азаматка сөгүш жарыяланган.
Ошондой эле райондук билим берүү башкармалыгынын башчысы Акбермет Толтоева жана аталган мектептин директорунун орун басары Улпатхан Жунусалиева, окуу-тарбия иштери боюнча класстан тышкаркы иштердин уюштуруучусу Гулсунай Кулболдиева, социалдык педагог Анаркан Шайымкулова, ошондой эле 9-11-класстын класс жетекчилери кызмат орундарынан четтетилген.
Белгилей кетсек, 12-февраль күнү аталган мектептин 9-классынын жана 11-классынын окуучуларынын арасында пикир келишпестик жаралып, 9-класстын окуучусу ур-токмокко кабылып, каза болуп калган.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Ден-соолукка оор залал келтирүү) менен катталып, кылмыш иши козголгон.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан