Бүгүн, 13-февралда Бишкектеги "Азия Молл" соода борборунда бомба бар деген маалымат түшүп, курчоого алынды. Маалыматты Ленин РИИБинен ырасташты.
Билдирмеге караганда, "102" кызматына саат 14:47де аталган соода борборуна бомба коюлганы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу жана Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги барышкан.
Милиция имараттын аймагын курчоого алган. Тиешелүү издөө жана тактоо иш-чаралары жүргүзүлүүдө.