Социалдык тармактарда чоң эне жолго чыгып жаткан небереси менен коштошкон видео тарап, көпчүлүктүн жүрөгүн элжиретти.
Анда чоң эне небересине 1000 сом карматып, "жолдон чай ичип кет" деп айткан. Небереси жөн эле койюусун өтүнгөндө, чоң эне "мен бергенден кийин салып ал да" деп болбой колуна карматкан.
Көпчүлүк интернет колдонуучулар бул видеону "күндүн видеосу" деп аташууда.