Баткен шаарында өспүрүм бала бычактан алган жаракатынан улам ооруканага жаткырылган. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 14-февралда облустук милициядан тастыктады.
Маалыматка ылайык, окуя 8-февралда саат 7:30дар чамасында болгон. Анда эки өспүрүм бала пикир келишпестиктен улам мушташа кетип, 17 жаштагы бала 16 жаштагы баланы бычак менен сайып салган. Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Денеге оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголгон. Алар 9-классты бүтүп, мектептен чыгып кетишкени аныкталган.
Милициядан баланын абалы жакшы экенин, учурда тергөө иштери жүрүп жатканын кошумчалады.