Ысык-Ата курортуна бараткан жолдо унаа жардан кулап, 2 адам каза тапты

Ысык-Ата районунда жол кырсыгы катталып, 2 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 14-февралда Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык 22-январда саат 18:30 чамасында болгон. Анда 3 адам Toyota Prado үлгүсүндөгү унаасы менен Тогуз-Булак-Ысык-Ата курорту унаа жолу аркылуу батыштан чыгышты көздөй бара жатышып, 54 жаштагы айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып кетишкен. Натыйжада унаа жардан кулап, айдоочу менен 50-55 жаштагы аял киши көз жумган.

Ал эми дагы бир 51 жаштагы жүргүнчү Кант шаарынын ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылганын башкармалыктан белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан