Чүйдө 29 жыл мурун жеке колго өтүп кеткен лагерь мамлекетке алынды (видео)

Чүй облусунун Жайыл районунда "Орленок" балдар лагери мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Атайын кызмат маалымдагандай, 41 миң 200 чарчы метрди түзгөн лагерь 1994-жылы айрым кызмат адамдарынын көмөгү менен жеке колго өтүп кеткен. Кийинчерээк ээлик кылган адам лагерди эс алуу жайына айландырган.

УКМК ал адам объектке мыйзамсыз ээлик кылып алганын моюнуна алып, аны Талды-Булак айыл өкмөтүнүн балансына өз ыктыяры менен өткөрүп бергенин кошумчалады.

УКМК 14.02.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан