1-апрелге чейин салык декларациясын кимдер тапшырышы керек? 

Мамлекеттик салык кызматы 2024-жылга карата бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу башталды. Бул тууралуу бүгүн, 14-февралда мекемеден билдиришти.

1-апрелге чейин декларацияны төмөнкүлөр тапшырууга милдеттүү:

  • ата мекендик уюмдар (бюджеттен каржылануучу жана отчёттук салык мезгили үчүн мүлк салыгы боюнча салыктык милдеттенмелери болбогон уюмдардан тышкары);
  • туруктуу мекеме түзүү менен Кыргызстанда иштеген чет өлкөлүк уюмдар;
  • мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер.

1-майга чейин декларацияны төмөнкүлөр тапшырууга милдеттүү:

  • жеке ишкерлер;
  • патенттин негизинде же өзгөчө режимдеги соода аймагында иш жүргүзгөн жеке жактар;
  • чет мамлекеттин аймагында турган эл аралык уюмдар, дипломатиялык жана консулдук мекемеде иштеген кыргыз жараны;
  • салык салынуучу киреше алган жана киреше салыгы боюнча милдеттенмеси бар жеке жак.

Салык декларациясын тапшыруудан кимдер бошотулган?

Буга чейин жеке жактарды жалпы декларациялоо жокко чыгарылган. Бул төмөнкүлөр декларацияны тапшырууга милдеттүү эмес дегенди билдирет:

  • окутуучулук, дарылоо-ден соолукту чыңдоо, илимий-изилдөө жана чыгармачылык менен алектенген кызматкерлер;
  • жеке жана мамлекеттик катышуу үлүшү бар уюмдардын кызматкерлери;
  • пенсионерлер, студенттер жана башка категориядагы жарандар.

Бирок декларацияны тапшыруудан бошотулган жеке жактар, анын ичинде социалдык жана мүлктүк чыгымдардын эсебинен, ошондой эле мамлекеттик эмес пенсиялык фондго чегерүүлөрдүн эсебинен кармалган киреше салыгы боюнча ордун толтурууну каалагандар ыктыярдуу негизде бирдиктүү салык декларациясын тапшыра алышат.

Салык декларациясын кантип тапшыруу керек?

Бирдиктүү салык декларациясын электрондук түрдө салык төлөөчүнүн жеке кабинетинен тапшырууга болот.

Декларацияда төмөнкүлөр көрсөтүлүшү керек:

  • кирешелер, чыгымдар жана экономикалык иштер;
  • мүлк объекттери жана отчёттук мезгил үчүн төлөнгөн салыктар;
  • отчёттук мезгил ичинде "Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө" мыйзамынын негизинде мыйзамдаштырылган активдер.

Толук маалыматты аймактык салык органдарынан, 116 номери аркылуу же Салык кызматынын www.sti.gov.kg расмий сайтынан алууга болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан