Милиция Баткенде өспүрүмдүн бычакталышы боюнча толук маалымат таратты

Баткен шаарында таанышына бычак сайган деген шектүү өспүрүм ата-энесинин көзөмөлүнө өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу бүгүн, 14-февралда Баткен облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, 8-февралда түнкү саат 00:30 чамаларында 16 жаштагы теңтуш балдар жолугуп, пикир келишпестиктен улам уруша кетишкен. Бирок алар түнү үйлөрүнө тарап кетишкен. Эки өспүрүм кайра таңкы саат 6:00 чамасында жолугушуп, чырдан улам А.Д. аттуу бала жанындагы бычак менен М.Ч. аттуу баланы көкүрөгүнүн сол тарабына сайып жиберген.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Ден соолукка оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголуп, тийиштүү экспертизалар дайындалган. Баткен райондук соту шектүүнүн бөгөт чарасын ошол эле күнү карап, аны ата-энесинин көзөмөлүнө өткөрүп берген.

Милиция учурда жабырлануучу облустук ооруканада жатканын, абалы туруктуу экенин белгилеп, тергөө иштери жүрүп жатканын кошумчалады.

Белгилей кетсек, бүгүн 2 өспүрүмдүн чырынан 16 жаштагы бала ооруканага жатканы маалым болгон. Милициядан бычак колдонгон бала 17 жашта экени жана алар мектепте окубастыгын тастыктаган. Өспүрүмдөр 9-классты бүтүрүшкөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан