Бала бакчанын жер тилкесинин мыйзамсыз менчикке өткөрүлүшү боюнча Жалал- Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын мэриясынын жооптуу кызмат адамдарына кылмыш иши козголду. Бул туурасында Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалымдалгандай, мэриянын айрым кызматкерлери "Мишутка" балдар бакчасына таандык 3 миллион 500 миң сомду түзгөн 1717 чарчы метр жер тилкесин мыйзамсыз жеке менчикке берип жиберишкендиги аныкталган.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштерин жүргүзүү үчүн Таш-Көмүр шаардык ИИБине тапшырылды.
Учурда бала бакчанын жер тилкесин кайтаруу боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө.