Акыркы окуялардан кийин эки министр жолугушуу өткөрдү

Ички иштер министри Улан Ниязбеков менен билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаеванын жумушчу жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, бүгүн, 14-февралда болгон жолугушууда министрлер окуу жайларда коопсуздукту камсыздоону, мектеп чыр-чатактары менен байланышкан акыркы окуялар боюнча мындан аркы кадамдарды талкуулашкан. Ошондой эле сүйлөшүүдө мектептерде Жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кабинеттерин ачуу жана штаттарын көбөйтүү маселелери айтылган.

"Бул конфликттик кырдаалдарга жооп кайтаруу процессин тездетип, окуу жайлардагы кырдаалды натыйжалуу көзөмөлдөөгө жана буллингди, зомбулукту, жашы жете электердин укукка каршы ишке тартылган учурларын аныктоого мүмкүндүк берет", - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары министрликтер мектептерде видеокөзөмөлдөрдү көбөйтүү, биргелешкен узак жана кыска мөөнөттүү пландарды түзүү, окуучуларды коргоо деңгээлин жогорулатуу маселелеринде бирге иш алып барууну макулдашышкан.

Белгилей кетсек, ушул жума ичинде 2 окуучу ур-токмоктон каза болгону маалым болду. Бир окуя Бишкектеги мектепте катталса, бири Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Каратай айылындагы мектепте орун алды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан