Судьялар кеңеши эки судьянын ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө президентке сунуш киргизди

Судьялар кеңеши эки судьянын ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө президентке сунуш киргизди. Бул тууралуу бүгүн, 14-февралда мекеменин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, Каракол шаардык сотунун судьясы Каныбек Акыев менен Ысык-Көл райондук сотунун судьясы Элнура Жантөрөеванын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү 5-февралда аяктагандыгына байланыштуу алардын ыйгарым укуктарын токтотуу боюнча президентке сунуш киргизилди.

Ошондой эле Судьялар кеңешинин чечими менен Жогорку Соттун жана жергиликтүү соттордун судьяларына квалификациялык класстарды ыйгаруу үчүн президентке сунуш киргизилди.

Мындан сырткары отурумда Соттор кеңеши Индира Айтбаеванын отставкадагы судья статусун ыйгаруу жөнүндө арызын карап, канааттандырганы кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан