Судьялар кеңеши тарабынан 2024-жылы 9 судьяны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берилип, 5 судья жоопкерчиликке тартылган. Бул тууралуу бүгүн, 14-февралда Жогорку Соттун төрагасынын орун басары Нурлан Мусаев соттордун коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жыйынында айтканын мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.
Анын маалыматы боюнча, 2023-жылы Судьялар кеңеши тарабынан ишин так аткарбагандыктан 8 судья кызмат ордуларынан четтетилген. Ошондой эле 2023-жылы Башкы прокуратуранын сунуштарынын негизинде 6 судья жана экс-судьяларга карата кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берилип, 3 судья жоопкерчиликке тартылган.
Жыйындын жүрүшүндө Жогорку Соттун төрагасы Медербек Сатыев судьяларды мыйзамдуу, негиздүү жана адилеттүү чечимдерди чыгарып, коррупцияга малынбай, таза болууга чакырды.