Жумгалда мектеп окуучуларынын чыры бычакташууга чейин барды

Нарын облусунун Жумгал районунда мектеп окуучуларынын мушташынан кийин алардын бири бычактан алган жараатынан улам ооруканага түштү. Бул туурасында Нарын ОИИБинин маалымат кызматы SUPER.KG порталына тастыктады.

Маалымдалгандай, Баш-Кууганды айылындагы Шатман Садыбакасов орто мектебинин 10-классынын эки окуучусу кечээ, 14-февралга караган түнү телефон талашып, чырдаша кеткен. Анын кесепетинин балдардын бири шеригин учтуу нерсе менен сайып, качып кеткен.

Облустук милиция жогорудагылардын негизинде тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталгангандыгын билдирди. Бул факт боюнча жабырлануучунун ата-энеси арыз жазуудан баш тартышкан.

Кошумчалангандай, окуя түнкү убакытта болгондугуна карабастан Жумгал РИИБинин 5 кызматкери тийиштүү деңгээлде профилактикалык иштерди алып барбагандыгы үчүн кызматтык жазага тартылышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан