Токмокто жаңы ипотекалык үйдүн курулушу башталды (видео)

Токмок шаарында жаңы заманбап ипотекалык турак жай комплексинин курулушу башталды. Бул туурасында президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев социалдык баракчасы аркылуу билдирди.
Анын айтымында, 31 блоктон турган, 15 кабаттуу комплекс 2 290 батирден турат жана жалпы аянты 184 миң 835,06 чарчы метрди түзөт.
"Курулуш комплексинин башкы максаты — шаарда жашаган адамдар үчүн ыңгайлуу, коопсуз жана заманбап шарттарды түзүү.
Бул комплексте төмөнкү социалдык жана инфраструктуралык объекттер каралган:
1. Балдар үчүн мектеп – билим берүү үчүн эң жакшы шарттарды түзүү.
2. Бала бакчалар – балдардын өнүгүүсү үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттарды түзүү.
3. Унаа токтотуучу жайлар – автотранспортту колдонгон жашоочулар үчүн.
4. Коммерциялык жайлар – 7 блоктун биринчи кабаттарында бизнес жүргүзүү үчүн аянт бөлүнгөн, бул кызмат көрсөтүү жана соода үчүн заманбап мүмкүнчүлүктөрдү камсыздайт.
Бул жаңы комплекс Токмок шаарында жашоочулардын бардык муктаждыктарын эске алып курулат жана шаардык инфраструктураны жакшыртууга өбөлгө болот", - деп билдирген маалыматта.
Токмокто жаңы ипотекалык үйдүн курулушу башталды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан