Бишкекте эки троллейбус каттамынын ордуна жаңы автобустар чыкты (карта)

Бүгүн, 15-февраль Бишкекте мурда троллейбустар каттаган каттам боюнча жаңы автобустар жүрө баштайт. Бул туурасында мэриядан кабарлашты.

Маалымдалгандай, жаңы №7Т жана №14Т муниципалдык автобус каттамдары иштей баштайт, алар ушул эле номердеги троллейбустук каттамдардын ордуна чыкты.

Белгилей кетсек, №7Т автобустук каттам Ак-Өргө конушунан Тунгуч кичи районуна чейин каттайт. Линияда 7-8 мүнөттүк интервалдар менен 17 автобус болот.

14Т автобусу Жогорку Жалдан Киркомстромго чейин каттайт. Линияда 7-8 мүнөттүк интервалдар менен 13 автобус болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан