Бишкектин айрым аймактарында 18-февралда суу берүү убактылуу токтотулат. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, ошол күнү саат 10:00дөн 15:00гө чейин турак үйлөрдө, мектептерде, балдардын мектепке чейинки уюмдарында, саламаттык сактоо объекттеринде, башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр-жай объекттеринде ичүүчү сууну берүү токтотулат.
Өчүрүү району: Жеңиш турак жай конушу. Ичүүчү сууну өчүрүү "Жеңиш" суу топтомосундагы жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу экендиги маалыматта кошумчаланган.