Мурунку Мамкурулуш жана Бишкек архитектурасынын айрым кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Бишкек шаарында мыйзамсыз курулуштарга байланыштуу кылмыш иши козголду. Бул туурасында Башкы прокуратура билдирди.
Маалымдалгандай, Бишкек шаарынын прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө, “Бишкек башкы архитектура” мекемесинин жооптуу кызматкерлери кызмат абалын жеке кызыкчылыктары үчүн пайдаланып, коммерциялык уюмдардын кызыкчылыгын көздөгөн. Анда Чүй, Москва, Тоголок Молдо жана Насирдин Исанов көчөлөрүндөгү кварталдын курулуш долбоорун мыйзам талаптарын одоно бузуу менен иштеп чыгышкандыгы аныкталган.
Мындан сырткары, мурунку Мамкурулуш агенттигинин директорунун орун басары жана анын кол алдында иштеген кызмат адамдары Коенкозов көчөсүндөгү 48 жана 48А дарегиндеги жер тилке коомдук имарат куруу үчүн аныкталгандыгына карабастан, "С.С." ЖЧКнын кызыкчылыгын көздөп, көп кабаттуу үй курууга мыйзамсыз архитектуралык уруксат беришкен.
Аталган фактылардын негизинде прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан