Бишкекте жол ортосуна унаасын токтотуп кеткен айдоочуга айып пул салынды. Бул туурасында ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, жол эрежесин одоно бузуп, жол кыймылынын башка катышуучуларына тоскоолдук жаратып, унаасын аялдамага токтотуп койгон унаанын айдоочусуна карата 3000 сом айып салынды. Ошондой эле айдоочуга түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.
Башкармалык жол эрежелерин бузгандарды көргөндөр 0777 102-102 ишеним ватсап номуруна кайрылса боло тургандыгын билдирди.