Токтогулда баңгизат чогултуп жүргөн жарандар кармалды. Бул туурасында Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, милиция 11-февралда район аймагында У аттуу жаран баңгизатын чогултуп, сактап жүргөндүгү тууралуу ыкчам маалымат алган.
Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатсыз мыйзамсыз даярдоо) менен катталып, кылмыш иши козголгон.
Ыкчам иш-аракеттеринин негизинде 1995-жылы туулган Токтогул районунун Т. уулу Т., Кара-Балта шаарынын Б.Д., Нарын облусунун Т.уулу Б. жана 1994-жылы туулган Балыкчы шаарынын У.А аттуу тургундары кармалган. Алардын жанынан өзгөчө кескин жыты бар болжолдуу салмагы 5 килограмм болгон баңгизаты алынган. Алынган баңгизатынын түрүн аныктоо максатында соттук-химиялык экспертизалар дайындалган.
Шектүүлөр Токтогул райондук соту тарабынан камакка алынган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.