Бүгүн, 16-февралда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин тиешелүү кызматтардын жетекчилери менен бирге болгон кыдыруусу Атабаев жана Д.Садырбаев көчөлөрүндө уланды. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Мэр шаар каралбай калгандыгын айтып, бир катар мыйзамсыз курулуштарды жеринде көрсөттү.
“Ош экинчи борбор. Ошту куурчактай карап, “кофетка” кылып койбойсуңарбы? Көчөлөрдү ачалы, тротуарларды салалы. Арык жок, нөшөрлүү жамгырдан кийин сел акса кандай болот? Бузулгандан кийин барын тазалап, көзөмөлдү күчөткүлө”, - деди шаар башчысы.
Ошондой эле айланасын тосуп алган шаар тургундарына наразы болгон мэр, жеринде тапшырмаларды берип, кайра 1-мартта текшерип келе тургандыгын эскертти.