14-февраль – Сүйүшкөндөр күнүндө Бишкекте топ жигиттер мушташып, коопсуздук кызматкерлери арачага түштү. Мындай видеону милициянын Кайгуул кызматы жарыялады.
Анда жигиттер укук коргоо кызматкерлерин көзгө илбей, мушташкан. Алардын мушташын Кайгуул кызматкерлери арачалаган.
Милициянын кайгуул кызматы мушташкан жарандар спирт ичимдигин ичип алганын билдирди.