УКМК Таласта кезектеги чиновникти кармады

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментинин Талас аймактык бөлүмүнүн башчысы кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Талас облусу боюнча аймактык бөлүмүндө коррупциялык схеманын бети ачылган.

"Жол чарба департаментинин Талас аймактык №3 бөлүмүнүн башчысы К.К. Талас облусундагы автожолдорду оңдоо жана куруу боюнча аткарылган иштерди сын-пикирлерсиз кабыл алуу үчүн жол эксплуатациялоочу ишканалардын башчыларынан мыйзамсыз акчалай сыйлык алганы аныкталган. Бул асфальтталган жолдордун сапатына терс таасирин тийгизген", - деп билдиришти УКМКдан.

Бул факты боюнча 11-февралда кылмыш ишинин алкагында аталган К.К. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан