
Жер тилкелерин мыйзамсыз менчикке чыгарган кызмат адамдарына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратура кабарлады.
Бишкек шаарынын прокуратурасы тарабынан мурдагы Орок айыл өкмөтүнүн кызматкерлери жер участокторун мыйзамсыз бөлүп берген фактылар аныкталган.
Тактап айтканда, президенттин 2023-жылдын 29-декабрындагы жарлыгында жер тилкелерин трансформациялоого тыюу салынганына карабастан, 2024-жылдын 29-февралында Жал айылындагы 534 чарчы метр жер тилкеси К.Т. аттуу жаранга мыйзамсыз берилген.
Ошондой эле мыйзамсыз түрдө жер мунапысын жүргүзүү боюнча комиссия түзүлүп, анын чечиминин негизинде 19 турак үйгө тиешелүү 2,06 гектар жер тилкеси мыйзамсыз менчикке бекитилген.
Бул фактылар боюнча Бишкек шаарынын прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүү үчүн Ленин райондук ички иштер башкармалыгына өткөрүлүп берилди.