Өзгөн районунда окуучулар арасындагы мушташтан 17 жаштагы өспүрүм ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу бүгүн, 17-февралда Ош облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, 14-февралда милицияга 17 жаштагы өспүрүм денесинен жарат алып, аймактык ооруканага жаткырылгандыгы кабарланган. Факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Жабырлануучуга соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
Териштирүү учурунда №34 мектептин 11-классынын окуучулары өз ара пикир келишпестиктен улам уруша кетишип, натыйжада жабырлануучуну ур-токмоко алышкан. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери уланууда.