Ошто адам уурдап, акча талап кылууга шектүүлөр кармалды

Ош шаарында адам уурдап, ири суммадагы акча каражатын талап кылгандар кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

Атайын кызмат кабарлагандай, 16-январь күнү Ак-Тилек кичи районундагы шаардык оорукананын жанында Daewoo Tico үлгүсүндөгү автоунаа менен белгисиз адамдар К.Д.У. аттуу жаранды күч колдонуп унаага салып, белгисиз тарапка алып кетишкен.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында К.Д.У аттуу жаранды уурдап кеткендер 1990-жылы туулган К.у.Т., 1991-жылы туулган К.у.К. жана 1991-жылы туулган И.Н.И экендиги аныкталган.

"Алар аталган уурдалган жаранды Өзгөн районуна карай алып кетишип, 2 сутка бою кармашкан. Кармоо мезгилинде кылмышкерлер уурдалган жаранды мобилдик капчыкка 190 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын которууга мажбурлашкан", - деп билдиришти УКМКдан.

Аталган факты боюнча Ош ШИИББи тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 146-беренеси менен кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жыйынтыгында кылмышкерлер аныкталып, кармалган.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан