Талас облусунун Боо-Терек айылында балык чарбанын жалпы аянты 16,5 гектар жер тилкеси арзан баада мыйзамсыз сатылгандыгы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 17-февралда УКМКдан билдирди.
Маалыматка ылайык, 11-февралда "Талас балык чарба" мамлекеттик ишканасына тийиштү Бакай-Ата районундагы Боо-Терек айылында жайгашкан жалпы аянты 16,5 гектар көлмө соттун чечими менен аукцион аркылуу мыйзамсыз сатылганы аныкталган.
Аукционду уюштуруу жана көлмөнү сатуу иштерине шектүү катары төмөндөгү мамлекеттик кызматкерлер аныкталып кармалышты:
Жогорудагы адамдар Талас ОИИБинин убактылуу кармоочу жайына 1 айга камакка алынышты. Алар өз кызыкчылыктары үчүн аталган көлмөнү 874 миң 500 сомго арзан баалап, мыйзамсыз сатып жиберишкени кошумчаланды.