"Бир күндө талкалап койдуңуз". Депутат Нарматова билим берүү министрин сынга алды

Бүгүн, 17-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Надира Нарматова билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаеванын ишмердүүлүгүн сынга алды.

"Лицей, гимназиялардын бардыгын бир күндө талкалап койдуңуз. Жыл сайын лицей менен гимназиялардын бүтүрүүчүлөрү гана алтын сертификат, "Алтын тамга" жана президенттик стипендия алышчу. Жакшы жыйынтык берген лицей, гимназияларды калтырыш керек болчу", - деди ал.

Кендирбаева тиешелүү мыйзамды парламент кабыл алганын айтты. Нарматова депутаттар министрлик алып келген мыйзамды кабыл алып беришкенин айтып ачууланды.

"Мыйзамды Кудай жасаган жок. Сиз алып келгенди кабыл алып бердик. Ошол мыйзамды ишке ашыра албай жатасыз, демек, даяр эмес экенсиз да. Бүгүнкү күндө 12 жылдык окууңуздун программасы да жок, китеби да жок!", - деди депутат айым.

Нарматова тез арада билим берүү мекемелерине анализ жүргүзүүнү сунуштап, жакшы натыйжа берген мектеп-лицей, гимназияларды аныктап чыгуу керектигин айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан