Таласта милиция кызматкерлери мектептерди кыдырууда

Бүгүн 17-февралда Талас облусунун аймагында милиция кызматкерлери жумуштарын билим берүү мекемелеринен башташты. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлады.

Маалыматка ылайык, кызматкерлер мектеп рэкетчилигинин, топтошуп мушташуулардын, эрте никеге туруунун, баңгизат колдонуунун терс жактары боюнча профилактикалык жумуштарды жүргүзүштү.

Алдын алуу иш-чарасына милиция бөлүмдөрүнүн башчылары, Талас ОИИБинин бөлүм жана кызмат жетекчилеринен тартып, өздүк курам толугу менен катышты. Негизги максат жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулук жана укук бузууларга бөгөт коюу болуп саналат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан