Бүгүн, 17-февралда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Гүлкан Молдобекова жыл аягына чейин "Алтын тамга" алган бир да окуучусу чыкпаса, анда ал мектептин директорунун кызмат орду каралат деген маалыматтар чыгып жатканын билдирди.
Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева муну директорлорго карата кысым катары баалады.
"Биз жакын арада "Алтын тамганы" алып салабыз. Ал жогорку окуу жайларга киргенге деле артыкчылык бербейт. Кызыл аттестат жана жалпы республикалык тестирлөө гана калат. Ал эми "ЖРТдан жакшы көрсөткүч көрсөтпөсөң, "Алтын тамга" албасаң кызматтан кетесиң" деген облус жетекчилеринин көрсөтмөлөрү бар экен. Бул деген аша чабуу...
Экинчиден, "ЖРТдан жогорку балл албасак мектептин рейтинги түшөт" деп директорлор менен мугалимдер начар окуган балдарды киргизбей жатат. Мен сурайт элем, ошол облус жетекчилери, акимдер, биринчиден, мектепке кандай шарттарды түзүп берип жатты болду экен", - деди ал.