Бишкектеги окуучунун өлүмүнө шек саналып кармалган өспүрүм 2 айга камалды

Бишкек шаарында жайгашкан №72 мектептеги окуучунун өлүмүнө шек саналып кармалган өспүрүм 11-апрелге чейин камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 17-февралда Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматынан билдирди.

Белгилегендей, тиешелүү чечимди Свердлов райондук соту кабыл алган.

Эске салсак, 15-февралда шаардык милиция 8-класстын окуучусунун өлүмүнө шектелип, 9-класстын окуучусу кармалганын кабарлаган. Өспүрүмдүн ур-токмоктон каза болушу Жогорку Кеңештин 12-февралдагы жыйынында депутат Надира Нарматова айтып чыккандан кийин белгилүү болгон. Ошол эле күнү шаардык милиция факты боюнча 10-февралда эле кылмыш иши козголгонун билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан