Билим берүү министри депутаттарды министрликке “буллинг" жасабоого чакырды

Бүгүн, 17-февралда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева депутаттарды министрликке “буллинг" жасабоого чакырды.

Жыйында эл өкүлү Элдар Абакиров мектеп окуучуларынын арасындагы чыр-чатактардын алдын-алуу үчүн башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын колдонуу керектигин айтып, АКШда окуучулардын күндөлүгүндө буллингге кабылса эмне кылыш керектиги жазылганын мисал келтирди.

Министр учурда буллинг боюнча тиркеме иштелип жатканын, ал электрондук күндөлүккө киргизилип, окуучу ошол жерден даттана аларын билдирди. Муну менен кошо ал депутаттарга тамаша-чын аралаш суранычын жолдоду.

Өлкөдө соңку убакта окуучулардын жаңжалынан, мектептеги чоңсунуудан улам балдардын өлүмү менен коштолгон окуялар көбөйүп жатат. Билим берүү министрлиги бул окуялар боюнча мугалимдер, тиешелүү жетекчилер жоопкерчиликке тартылганын билдирүүдө.

Жогорку Кеңеш 17.02.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан