Бишкекте баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-февралда шаардык милициядан билдирди.
Маалыматка ылайык,14-февралда 102 кызматына белгисиз адамдар "баңгизат сатып жүрөт" деген ыкчам маалымат келип түшкөн. Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-иликтөө иштеринин алкагында, калаадагы Исанова көчөсү менен Чоң Чүй каналынын кесилишинен 2006-жылы туулган К.М. аттуу шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Тинтүү учурунда шектүүдөн салмагы 61 граммды түзгөн 20 даана кара түстөгү спецификалык жыты бар белгисиз заттар табылган. Ал аталган спецификалык заттарды социалдык тармагындагы интернет дүкөндөрү аркылуу сатып алгандыгын билдирген.
Учурда алынган заттар соттук-экспертизага жөнөтүлүп, тергөө амалдары улантылууда.