Бишкек шаарынын четинде курулуп жаткан жаңы стадион 45 эмес, 51 миң кишиге ылайыкташа турганын Кыргыз футбол биримдиги кабарлады.
Азия футбол конфедерациясынын шарттарына ылайык, Азия Кубогунун ачылыш аземи менен старттык беттешти жана финалдык оюнду кабыл алуу үчүн стадион кеминде 50 миң кишилик сыйымдуулукка ээ болушу керек. Андыктан аталган стадиондо жакынкы келечекте Азия биринчилигин кабыл алуу үчүн курулуш долбооруна тиешелүү толуктоолор киргизилип, жаңы стадион эми 51 миң көрүүчүгө ылайыкталат.
Курулуш иши долбоор алкагында жүргүзүлүп, бул толуктоолорду ишке ашыруу кыйынчылыкты жаратпайт.
Белгилесек, жаңы стадиондун курулушу 2026-жылдын күз айында аяктайт.