Талас облусунда жеке турак жай куруу үчүн мыйзамсыз берилген айыл чарба багытындагы жер тилкелерин мыйзамдаштыруу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.
УКМК тарабынан жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында Талас облусунун Бакай-Ата районунун айрым жооптуу кызмат адамдары тарабынан 2009-2024-жылдар аралыгында акчалай сый акы үчүн 163 бирдик айыл чарба багытындагы ("сугат айдоо" категориясындагы) трансформацияланбаган жалпы аянты 95,9 гектар жер тилкелерин жеке менчикке турак жай куруу үчүн мыйзамсыз берилгендиги аныкталган.
Бул факты боюнча 10-февралда Бакай-Ата айыл аймагынын жер маселелери боюнча адиси А.О. кармалып, Талас ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
"Учурда УКМК тарабынан жогоруда аталган мыйзамсыз аракеттерге тиешеси бар башка кызматкерлерди аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда", - деп баса белгиледи атайын кызмат.