Кара-Балтада тургундун тракторун ижарага алып, сатып жиберген чет элдик кармалды 

Чүй милициясынын маалыматына караганда, Кара-Балтада ири алдамчылыкка шектелип чет элдик жаран кармалды.
Ага ылайык, былтыр 27-августта милицияга 44 жаштагы жаран кайрылып, О.Я. аттуу жаран март айында ишенимине кирип, Tumosan 9115 үлгүсүндөгү тракторун ижарага алып, үчүнчү жакка сатып жибергенин айткан. Анын айынан жабырлануучу ири өлчөмдө материалдык зыянга учураган.
Мындан тышкары дагы Чүйдүн төрт тургуну арыз менен кайрылган. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары 52 жаштагы О.Я. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда кармалган жарандын ушул сыяктуу башка кылмыштарды жасоого тиешеси бар-жогу такталууда.
Тергөө амалдары уланууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан