2029-жылкы Кышкы Азия оюндары кар жаабаган өлкөдө өтмөй болду

Сауд Арабиясы 2029-жылы X Кышкы Азия оюндарын өткөрөт. Бул өлкөнүн өтүнмөсү Азиянын Олимпиадалык кеңешинин Башкы ассамблеясынын жыйынында жактырылды.

Мелдеш азыр масштабдуу түрдө курулуп жаткан Трожена лыжа базасында өтөт. Бул лыжа база Перс булуңундагы биринчи лыжа курорту болот. Алдыдагы Азия оюндары өтө турган жай оюндар башталганга бир нече жыл калганда пайдаланууга берилет деп күтүлүүдө.

Сауд Арабиясынын спортчулары быйыл биринчи жолу Кышкы Азия оюндарында күч сынашты. Харбинде алар тоо лыжасы жана кёрлинг боюнча мелдештерге катышты.

Буга чейин Азия оюндары төрт өлкөдө гана өтүп келген. Тагыраагы, спорттук иш-чараны төрт жолу Япония, үч жолу Кытай өткөргөн. Казакстан менен Түштүк Корея оюндарды бирден өткөрүшкөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан