
«Электр станциялар» ААКсына караштуу Токтогул ГЭСнин төртүнчү жана Үч-Коргон ГЭСнин экинчи гидроагрегаттары реконструкцияга берилет. Бул туурасында Энергетика министрлиги бүгүн, 19-февралда кабарлады.
Ага ылайык, 20-февралдан тарта Токтогул ГЭСинин төртүнчү гидроагрегатын алмаштыруу иштери башталат. Келишимдин негизинде реконструкция жана жаңылоо долбоорун Францинын «GE Hydro» компаниясы ишке ашырат.
Реконструкция иштери аяктагандан кийин Токтогул ГЭСнин кубаттуулугу дагы 60 МВтка көбөйөт. ГЭСтин 4 гидроагрегатын алмаштыруу менен реконструкция долбоору толугу менен аяктап, 2025-жылы станциянын кубаттуулугу 1440 МВт түзөт. Кошумча 240 МВТ кубаттуулук кошулат.
Ал эми 1-мартта Үч-Коргон ГЭСнин экинчи ГАсы реконструкцияга берилет. Анын экинчи гидроагрегатын реконструкция жана жаңылоо долбоорун «CNEEC» (China National Electric Engineering) компаниясы ишке ашырат. ГЭСтин гидроагрегатынын кубаттуулугу оңдоп-түзөө иштеринен кийин 9 МВтка көбөйөт.