Эртең, 19-февралда өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтин маалыматында жазылат.
Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0 ... -5, күндүз +7 ... +12;
Талас жергесинде түнкүсүн -1 ... -6, күндүз +6 ... +11;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3 ... +2, күндүз +8... +13;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -4 ... -9, күндүз -4 ... -9;
Нарын дубанында түнкүсүн -11... -13, күндүз -1 ... +3;
Бишкекте түнкүсүн -2 ... -4 суук, күндүз +10 ... +12 градус болот.