Өлкө аймагында жаз айына карата мал-жандыкты эмдөө иш-чаралары башталды 

Өлкөнүн бардык аймагында мал-жандыктарды жаз айына карата эмдөө иштери башталды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, жаныбарлардагы жугуштуу ылаңдарды алдын алуу максатында, кутурма оорусуна каршы малга вакцина сайылып, ал эми эхинококкозго каршы ит-мышыкка дары берилип жатат.

"Бардык жарандарды мал-жандыкты профилактикалык эмдөөдөн, дегельминтизациялоодон милдеттүү түрдө өткөрүүгө чакырат. Бул баарыбыздын саламаттыгыбыз үчүн маанилүү", - деп билдирди министрлик.

Министрлик маалымдагандай, мал-жандыкты эмдөө үчүн жылына республикалык бюджеттен тогуз ооруга каршы вакциналар сатылып алынат. Алар: кутурма, шарп, бруцеллёз, сибир жарасы, эхинококкоз, кой-эчкилердин кыргыны, күл, жылкынын маңка (сап) оорусу жана туберкулин (ири мүйүздүү жана канаттуулар арасында).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан